Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясынын
2024-жылынын 29-ноябры №1/4
« Багыш айыл аймагында жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик
жыйынын ѳткѳрүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 25.11.2024-жылдагы № 03-2/6247 сандуу катын негиздеп Багыш айыл өкмөт башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагында жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00до, Октябрь айылындагы №9 И.Мичурин атындагы мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
2. Багыш айыл аймагы боюнча ѳкүлдѳрдүн жалпы саны 200 (Эки жүз) адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:
- Беш-Бала айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 12 адам;
- Багыш, Кызыл-Туу айылдары боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 33 адам;
- Октябрь-айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 40 адам;
- Октябрь-3 айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 35 адам;
- Сафаровка, Сары-Булак айылдары боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 14 адам;
- Кедей-Арык айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 11 адам.
- Ленин айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 19 адам.
- Орто-Сай айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 13 адам.
- Жыгач-Коргон айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 23 адам.
3. Ар бир аймактын бөлүктөрүндө Жергиликтүү ѳкүлчүлүктүү элдик жыйынга ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
4.
№ | Айылдын аталышы | Элдик жыйындын ѳткѳрүлгѳн жери | Элдик жыйындын датасы, убактысы |
1 | Октябрь | И.Мичурин мектеби, жыйындар залы | 04.12.2024-ж. саат 12-00 |
2 | Беш-Бала | Мечит, жыйындар залы | 04.12.2024-ж. саат 15-00 |
3 | Багыш, Кызыл-Туу | Т.Арзыкулова мектеби, жыйындар залы | 04.12.2024-ж. саат 14-00 |
4 | Сафаровка, Сары-Булак | Ж.Бѳкѳнбаев мектеби, жыйындар залы | 04.12.2024-ж. саат 15-00 |
5 | Кедей-Арык | Т.Тайгараев мектеби, жыйындар залы | 05.12.2024-ж. саат 15-00 |
6 | Октябрь-3 | Р.Исманалиев мектеби, жыйындар залы | 05.12.2024-ж. саат 15-00 |
7 | Ленин | Маданият үйү | 05.12.2024-ж. саат 15-00 |
8 | Орто-Сай | Жеенбеков мектеби, жыйындар залы | 05.12.2024-ж. саат 12-00 |
9 | Жыгач-Коргон | Тажибаев мектеби, жыйындар залы | 05.12.2024-ж. саат 12-00 |
5. Жергиликтүү ѳкүлчүлүктүү элдик жыйынга ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча аймактын бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу болуп 11 айылдан шайланган депутаттарга милдеттендирилсин.
6. Жергиликтүү ѳкүлчүлүктүү элдик жыйынды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (Жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
- Кулмамбетов К.М. - Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасы,
жумушчу топтун тѳрагасы;
- Акумбаева М.Р. - Багыш айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы, жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчѳлѳрү:
- Алимбекова Ы.М. - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башкы адис;
- Кожонова А.Ѳ. - Багыш айылдык кенешинин адиси;
- Исмаилов Ж. - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аксакалдар
кеңешинин тѳрагасы.
- Маманов Т.К. - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургунну;
- Джолдошева Г. -Багыш айылдык кеңешинин депутаты.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
8. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.М.Кулмамбетов. |