Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 189
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну Таласбаев Болоттун кошар жана чабан үй куруу боюнча жазган арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын аткаруу багытында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобону жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын административдик чегиндеги түштук чыгыш бөлүгүндөгү №831-чөйрө сызыгындагы жалпы 0,15 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 6- пунктуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарды толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунуш даярдоо Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |