Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 190
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Жаныбек уулу Кундузбектин арызын, маркум Жетигенов Жаныбектин 18.10.2023-жылдагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук филиалынын башчысына жазган арызын карап жана талкуулап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32, 13 беренелерин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын калктуу конушундагы Чыныке-Бий көчөсүнүн №0978 контуруна тиешелүү бош жаткан жер, турак жай куруу үчүн айыл тургуну Жаныбек уулу Кундузбекке берилсин.
2. Курулуш жумуштары райондук архитектура жана курулуш башкармасынан алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документтеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |