Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 192
Мүмкүнчүлүгү чектелген эгиз кыздарга көп функционалдуу коляска сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Тайжанова Л.А. кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылынын тургуну Дыйканов Тургунбектин мүмкүнчүлүгү чектелген эгизнеберелерине көп функционалдуу коляска сатып берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Көп функционалдуу коляска сатып берүүгө керектелүүчү 150,0 (жүз элүү) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |