Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 198
Көпүрө-Базар айылдык китепканасынын китеп коюуучу текчелерин, шкафтарын ж.б. ички эмеректерин толук жаңыртууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Көпүрө-Базарайылдык китепканасынын китеп коюуучу текчелерин, шкафтарын ж.б. ички эмеректерин толук жаңыртууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базарайылдык китепканасынкитеп коюуучу текчелерин, шкафтарын ж.б. ички эмеректерин толук жаңыртууга Талас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 312000 (үч жүз он эки миң) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |