Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 199
“Каракол таза аймак” муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чыңдоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
“Каракол таза аймак” муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чыңдоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол таза аймак” муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чыңдоого сметалык баасы 7480000 (жети миллион төрт жүз сексен) миң сом болгон 2 даана Беларус-952 маркасындагы трактор толук жабдуулары (2 даана соко, 2 даана чөп таңгыч) менен алууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |