Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 204
Каракол айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш участкасындагы Турдубайдын өзөнүнө баруучу жолго көпүрө салууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш участкасындагы Турдубайдын өзөнүнө баруучу жолго көпүрө салуугаТалас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш участкасындагы Турдубайдын өзөнүнө баруучу жолго көпүрө салууга Талас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 1000,0 (бир миллион) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |