Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 207
Каракол айыл аймагындагы Арал айылындагы (БСР) суу топтоочу жайын тазалоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы Арал айылындагы (БСР) суу топтоочу жайын тазалоогоТалас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы Арал айылындагы (БСР) суу топтоочу жайын тазалоогоТалас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 1000,0 (бир миллион) сом болгон, долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |