Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 211

 

Каракол айыл аймагындагы Арал айылынын Чыныке-Бий көчөсүнө трансформатордук подстанцияны орнотууга жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө

Арал айылынын Чыныке-Бий көчөсүнөтрансформатордук подстанцияны орнотууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүндөгү №635 контурунан 16 км.м жер трансформатордук подстанция орнотуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.