Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 26-январы № 162

 

“Мады айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Ж.А.Кочкорбаевдин арызын кароо жөнүндө”

 

                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145- мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун (трансформациялоонун) которуунун тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №13–беренесин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ж.А.Кочкорбаевдин өзүнө тиешелүү жеке менчигиндеги Кызыл-Тал участкасында жайгашкан мурдагы музоо комплексиндеги 0,60 га жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековдун билдирүүсүн жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 21-декабрындагы № 240-б “ Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан 2023-жылдын 27-декабрындагы оң корутундусун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Ж.А.Кочкорбаевдин өзүнө тиешелүү жеке менчигиндеги Кызыл-Тал участкасында жайгашкан 0,60 га мурдагы музоо комплексине тиешелүү болгон жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, энергетика байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургунун Ж.А.Кочкорбаевке өндүрүштүк ишкана куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов