Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 213
Дем берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
М.Сейталиев атындагы орто мектебинин сырткы фасадын жасоого курчалган тосмолорду жаңыртууга жана ондоп түзөө иштерине дем берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиев атындагы орто мектебинин сырткы фасадын жасоого, курчалган тосмолорду жаңыртууга жана оңдоп түзөө иштерине дем берүүчү үлүштүк грантка сметалык баасы 3350000 (үч миллион үч жүз элүү миң) сом болгондолбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Долбоорго өздүк салым катары 450,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |