Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 26-январы № 165

 

“Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал участкасында жайгашкан Даулет мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ижара акысына жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө”

 

                Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылындагы Кызыл-Тал участкасында жайгашкан Даулет мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ижара акысына жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү балдар бакчасынын жетекчиси Абдуллаева Гүлбарчындын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылындагы Кызыл-Тал участкасында жайгашкан Даулет мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ижара акысына жергиликтүү бюджеттен айына 20 000 (жыйырма миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимге өзгөртүлөр киргизилсин.

3. Даулет мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ижара акысына акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Финансы, бюджет жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов