Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 215
Дем берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы бала бакчанын сырткы фасадын жасоо балдар ойноочу аянтча куруу жана тегерегин темир тосмо менен курчоого дем берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылындагы бала бакчанын сырткы фасадын жасоо балдар ойноочу аянтча куруу жана тегерегин темир тосмо менен курчоого дем берүүчү үлүштүк грантка сметалык баасы 3450000 (үч миллион төрт жүз элүү миң) сом болгондолбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Долбоорго өздүк салым катары 450,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |