Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 216
Дем берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Арал айылындагы кичи футбол аянтынын үстүн жабуу , Касым Балбан атындагы спорт комплексинин тегерегин темир тосмо менен курчоо жана Ордо аянтын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү үлүштүк грантка долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын Арал айылындагы кичи футбол аянтынын үстүн жабуу , Касым Балбан атындагы спорт комплексинин тегерегин темир тосмо менен курчоо жана Ордо аянтын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү үлүштүк грантка сметалык баасы 3450000 (үч миллион төрт жүз элүү миң) сом болгондолбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Долбоорго өздүк салым катары 450,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |