Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-февралы № 167
«Салык адистеринин 2023-жылга айылдардан салык жыйымы боюнча маалыматы жана 2024-жылга салык жыйымы боюнча иш планы»
Мады айыл өкмөтүнүн Салык адистеринин 2023-жылга айылдардан салык жыйымы боюнча маалыматы, 2024-жылга салык жыйымы боюнча иш планы жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин 2023-жылга айылдардан салык жыйымы боюнча маалыматы жана 2024-жылга салык жыйымы боюнча иш планы жактырылсын.
2. Салык адистерине иш план боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Карызы бар жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп, карызды өндүрүү жагы айыл өкмөт башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |
Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин 2024-жылга салык жыйымы боюнча иш планы
№ | Иш чаранын аталышы | Иш аракеттер | Мөөнөтүү | Жыйынтыгы | Эскертүү
|
1 | 2023-жылга ар бир айыл боюнча салыктын ар бир түрү боюнча тактоо | Ар бир үйгө кирип, үлүш жерин, там аркасын, үйдө канча адам жашайт, кайсы үлгүдөгү авто машинасы бар. Соц фондко канча адамга төлөнөт жана айыл чарба эмес багытындагы жерлери барбы, изилдеп чыгуу. | Январь айы | Аткарылды |
|
2. | Кара-Суу салык инспекциясынан берилген пландарды толтуруу | Ар бир үйгө кирип салыктын бардык түрү боюнча салыктарды төктүрүү
| Ар ай сайын | Аткарылды |
|
3. | Ар бир дыйкан чарба боюнча информационный расчетторду, декларацияларды тапшыргандыгын көзөмөлдөө. | Дыйкан чарбанын башчылары менен иш алып баруу, жардам берүү. | Январь айынан 1-апрелге чейин. | Аткарылып жатат |
|
4. | Кара-Суу салык инспекциясынан келген эскертүулөрдү (извещение) жарандарга таркатып, жеткирүү. | Эскертүү (извещение) берилген жарандардан салыктын түрү боюнча өндүрүү | Ар ай сайын | Аткарылды |
|
5. | Салыктын көмүскөдө жаткан жерлерди изилдөө | Кайсы ижерде соода сатык менен алек болгон жерлерди изилдеп чыгуу, тактоо | Күнүнө | Аткарылып жатат |
|
6. | Катталбай калган транспортторду тактап чыгуу | Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, транспорт салыгын убагында төктүрүү | Күнүнө | Аткарылып жатат |
|
7. | Ар бир айылдын салык кызматкерлери менен чогулуп айылдарды рейдтерди жүргүзүү. | Салыкты убагында төлөбөгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Ай сайын | Аткарылып жатат |
|
8. | Алыскы тоолуу Лаглан, Тээке айылдарга барып салыктын бардык түрү боюнча өндүрүү | Салык кызматкерлери чогулуп тоолуу айылдагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргузүп алардын салыктарын төктүрүү. | Сентябрь, октябрь, ноябрь айлары | Аткарылат |
|
9 | Ай сайын планга чыгуу | Күнүнө көчөлөдү кыдырып салык жыйноо | Күн сайын | Аткарылат |
|
10 | Айылдык кеңештин депутаттарына ай сайывн отчет берүү | Ар бир айыл боюнча салыктын ар бир түрү боюнча ай сайын отчет берүү. | Ар ай сайын | Аткарылып жатат |
|
11. | Жылдын жыйынтыктап салыктын бардык түрү боюнча планга чыгуу | Салыктын ар бир түрү боюнча анализдеп, чогултуп банкка төгүү. | Ноябрь,декабрь айлары |
|
|
Мады айыл өкмөтүнүн салык адиси Г.Маматова