МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-февралы № 168
«Мады айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун өкмөткө калган жерлери, айыл чарба департаментине өткөргөн жерлер жана ижара төлөмдөр боюнча маалыматы»
Мады айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун айыл өкмөткө калган жерлери, айыл чарба департаментине өткөн жерлер жана ижара төлөмдөр боюнча Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдумиталиповдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматы жактырылсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы 11 гектар терек эгилген жер аянты боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы убактылуу комиссия курамын түзүп жеринен барып каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика жана айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |