МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-февралы № 171
«Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2023-жылга маданий жана социалдык иш-чаралар, чыгымдалган акча каражатынын отчету 2024-жылга иш планы»
Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2023-жылга маданий жана социалдык иш-чаралар, чыгымдалган акча каражатынын отчету, 2024-жылга иш планы жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Н.Торобекованын маалымытын угуп жана талкуулап, Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2023-жылга маданий жана социалдык иш-чаралар, чыгымдалган акча каражатынын отчету, 2024-жылга иш планы жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Н.Торобекованын маалымыты жактырылсын.
2. Социалдык бөлүмүнүн адистерине айыл өкмөтүнүн бекиткен иш план боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |
Бекитемин __________
Мады айыл өкмөтүнүн башчысы
________________Н.К.Алимбеков.
Мады айыл өкмөтүнүн социалдык- маданий , билим берүү, саламаттыкты сактоо, үй -бүлө, балдардын, жаштардын жана спорт иштери боюнча социалдык бөлүмүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн
И Ш П Л А Н Ы
№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жооптуулар |
2024-жылга карата айлык, кварталдык жана жылдык иш-пландарын түзүү | Январь | Н.Торобекова. | |
Жакыр үй- бүлөлөрдүн тизмесин тактоо | Январь | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун толтуруу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Миграция боюнча иш издеп кайылгандарга консультация берүү жана жакыр үй-бүлөлөрдү кесиптик окууга жолдомо менен жөнөтүү | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
2024-жылга социалдык бөлүмдө аткарылуучу иштерге смета түзүү | Январь | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жөлөк пул алуучулардын документтерин тактоого жардам берүү | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Авган согушунун катышуучуларына даректүү жардам берүү жана майрамдык кече уюштуруу | Февраль | Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата аскердик милдетин өтөп жүрүп курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө жардам көрсөтүү | Февраль | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жалгыз бой атуулдардын үйлөрүндөгү чарба иштерине мектеп окуучулары менен бирдикте жардам көрсөтүү. | Февраль | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
20-февраль Бүткүл Дүйнөлүк эл аралык –Эне-тил күнүнө карата иш чараларды өткөрүү | Февраль | Н.Торбекова Ч.Полотова Г.Кадырова | |
3-март күнү Кыргыз Республикасынын символикасы болгон Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак Калпак күнүнө карата Мады айыл өкмөтүнүн аянтчасында Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлүп, жөө жүрүш өткөрүү. | Март | Н.Торобекова Г.Кадырова | |
8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата Б.Мадазимов атындагы маданият үйүндө аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөгү айымдарга жана айыл аймагындагы жашаган Баатыр энелерге колдоо көрсөтүү. | Март | Н.Торобекова Ч.Полотова К.Кадырова | |
Сметага ылайык жалгыз бой карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга, Баатыр энелерге жардам көрсөтүү | Март | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жаштар арасында спорттук оюндарды уюштуруу, айылдарды көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү | Апрель | Н.Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдардын үй-бүлөсүн жолдомо менен санаторияга жөнөтүү | Апрель | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Чернобль АЭСинде болгон авариянын кесепетин жоюуга катышкан атуулдарды сыйлоо | Апрель | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Үй-бүлөөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун жекече программаларын аткаруу боюнча иштерди уюштуруу. | Апрель | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында №385 токтомго ылайык соц контракттын негизинде 100 000 мин сом акча алуусуна документтерине жардам берүү. | Апрель | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жакыр үй-бүлөөлөрдүн социалдык паспортторунун маниторингин жүргүзүү | Апрель | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
1-май эмгекчилердин эмгек майрамына карата иш-чараларды уюштуруу | Май | Н. Торобекова Г.Кадырова | |
Жениш майрамына карата эстеликтерди, музейди ондоп иретке келтирүү | Май | Н. Торобекова Н.Кадырова Ч.Полотова | |
Согуштун ардагерлерин, оруктун катышуучуларын сыйлоо жана майрамдык кече өткөрүү | Май | Н. Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
Жаштар арасында улуттук оюндарды уюштуруу | Май | Н. Торобекова Г.Кадырова | |
1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын жана бакчадагы балдарга майрамдык белектерди берүүнү уюштуруу | Июнь | Н. Торобекова Ч.Полотова | |
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жарандарга даректүү жардам көрсөтүү жана социалдык паспортторунун маалыматтарынын негизинде кедейликти азайтуу проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн такай өз ара иштетүүнү жүзөгө ашыруу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова Б.Чонмурунова | |
Социалдык колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдүн кызыкчылыгына жараша малекеттик, эл аралык, коомдук уюмдар менен иш алып баруу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
1-сентябрө «Билим күнү» катары белгиленип, мектепке барып майрамдарга катышуу | Сентябрь | Н. Торобекова Ч.Полотова | |
Миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынын тизмесин тактоо жана алардан кабар алуу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Тоголок жетим жарым жетим балдардын тизмесин тактоо жана жашоо шарттарынан кабар алуу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча Каабдын мүчөлөрү менен иш алып баруу | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова Г.Кадырова | |
Зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды, 16 күндүк акцияны жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова Г.Кадырова | |
Баткен согушунун катышуучуларын тактоо жана аларды сыйлоо | Октябрь | Н.Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
Карыяларды аныктоо, 80-100 жашка чейинки карыялардын тизмесин тактоо | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
1-октябрь Эл карыялар күнүн жогорку денгээлде белгилөө жана белектерди берүү. | 1-октябрь | Н.Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүн белгилөө, иш-чара түзүлүп, мектептерде акция жарыяланат. | 1-декабрь | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
3-декабрь Майыптар күнүн белгилөө, алардан кабар алып майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектер берилет | Декабрь | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тактап, аларга материалдык жардамдарды берүү | Жыл ичинде | Н.Торобекова Ч.Полотова | |
Жаны жылда өткөрүүлүчү иш чаралардын планын түзүү, мектеп бала бакчадагы жакшы окуган балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди берүү, балаты майрамын уюштуруу жана өткөрүү | Декабрь | Н.Торобекова Г.Кадырова Ч.Полотова | |
2024-жылда аткарылган иштер боюнча отчет даярдоо | Декабрь | Н.Торобекова Ч.Полотова |
Соц.бөлүмдүн башчысы: Н.Торобекова.