МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-февралы № 174
«Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024-жылга турмуш тиричилик катуу калдыктарын чогултуунун ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Мады – Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдун айылдардан чыгып жаткан катуу тиричилик калдыктарын алып чыгууга болгон тарифин бекитүү боюнча билдирүүсүн угул талкуулап жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын II-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Мады –Тазалык» муниципалдык ишканасынын айылдардан чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн бааларына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
№ | Мазмууну | 1 айга (сом) | Кайдан каржыланат |
1 | Жеке үйлөр | 150 | Ар бир кожолук |
2 | Мектептер | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
3 | Бала бакчалар | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
4 | Азык-тулүк сатуучу дукөндөр | 500 | Дүкөндүн ээси |
5 | Коомдук тамактануучу жайлар | 800 | Кафе, чайхана ээлери |
6 | Навайканалар | 200 | Навайкана ээси |
7 | Мончолор | 1000 | Мончо ээси |
8 | Айыл аймагындагы жолдордун тазалыгын мактоо (Ош-Бишкек, Ош-Алай жолдору) | 8000 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
9 | Тигүүчү цехтер | 500 | Тигүү цех ээси |
10 | Чачтарач | 200 | Ээси төлөйт |
11 | Аптекалар | 200 | Ээси төлөйт |
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |