Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 1
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине кошумча түшкөн акча каражаты, айыл чарба багытында жерлердин жер салыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн кирешесине Республикалык максаттуу гранттан келип түшкөн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Республикалык максаттуу гранттан айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлердин мүлк салыгына (үлүш) келип түшкөн кошумча акча каражаты 938,4 миң сом айыл өкмөтүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнө:
Башкаруу аппарат бөлүмүнүн 2224 статьясына көмүр алууга 38,4 миң сом, 2221 статьясына мүлктү учурда оңдоого 500,0 мин сом , 2222 статьясына материал алууга 31,6 миң сом,3112 статьясына жабдуу алууга 70,0 миң сом.
Турак жай бөлүмүнүн 2222 статьясына материал алууга 100,0 миң сом, 3112 статьясына жабдуу алууга 100,0 миң сом.
Бала бакча бөлүмүнүн 2222 статьясына материал алууга 20,4 миң сом, 2224 статьясына көмүр сатып алууга 18,0 мин сом.
Соц коргоо бөлүмүнүн 2215 статьясына ар кандай чыгымдарга 60,0 миң сом
Жалпысы 938,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |