Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 06-майы № 32
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 09-январындагы №01-9/6, № 01-9/7 корутундуларынын негизинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” участкасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана 10,8 га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 09-январындагы № 01-9/6, №01-9/7 корутундуларынын негизинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” участкасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана 10,8 га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берилсин.
2. Суралсын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Өзгөн районундагы филиалынан жана Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине мыйзам ченеминдеги тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |