Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 4
Таза суу көйгөйүн чечүү үчүн Таш-Кудук айылына
скважина салуу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагында ичүүчү таза суунун абалын жакшыртуу максатында Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бакай-Ата өнүктүрүү фондунан калктуу конуштарда ичүүчү таза суу маселесин чечүү жана ичүүчү таза суунун абалын жакшыртуу үчүн жаңы скважина салуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Жаңы скважина салуу үчүн 2025-жылдын бюджетинен 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |