Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 6
Кран манипулятор алуу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагында көпүрөлөрдүн, лотоктордун абалын жакшыртуу максатында Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талас Өнүктүрүү фондунан калктуу конуштарда көпүрөлөрдүн, лотоктордун абалын жакшыртуу үчүн кран манипулятор алуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Кран манипулятор алуу үчүн 2025-жылдын бюджетинен 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |