Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 7
Акназаров айыл аймагынын Маданият айылындагы футзалдын курулушун бүтөрүү жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы депутат А.Коккозовдун маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Маданият айылында курулуп жаткан футзалдын курулушун бүтөрүү максатуу жана керектүү деп табылсын.
2. Бакубат Таласка Маданият айылындагы футзалдын долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Футзалга 2025-жылдын бюджетинен 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |