Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 8
Акназаров айыл аймагынын айылдарынын жаңы көчөлөрүнө карагайларды, электр чубалгыларын орнотуу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы депутат А.Коккозовдун маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Маданият айылынын Чалдан, Таш-Кудук айылынын Акматбек көчөлөрүнө карагайларды,электр чубалгыларын орнотуу максатуу жана керектүү деп табылсын.
2. Бакубат Таласка Маданият айылынын Чалдан, Таш-Кудук айылынын Акматбек көчөлөрүнө карагайларды, электр чубалгыларын орнотуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Чалдан жана Акматбек көчөлөрүнө карагайларды,электр чубалгыларын орнотууга 2025-жылдын бюджетинен 200,0 (эки жүз ) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |