Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 10
Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылындагы Калинин каналына лоток орнотуу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы депутат А.Назаралиевдин маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылындагы Калинин каналына лоток орнотуу максатуу жана керектүү деп табылсын.
2. Талас Өнүктүрүү фондунан Ынтымак айылындагы Калинин каналына лоток орнотуу долбооруна колдоо көрсөтүү жагы суралсын.
3. Калинин каналына лоток орнотуу үчүн 2025-жылдын бюджетинен 100,0 (бир жүз ) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |