Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 12
Акназаров айыл аймагынын Көк-Таш айылына
кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы депутат Н.Умбеталиева маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Көк-Таш айылына кичи футбол аянтчасын куруу максатуу жана керектүү деп табылсын.
2. Көк-Таш айылына кичи футбол аянтчасын курууга 2025-жылдын бюджетинен 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |