Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 13
2024-жылдын бюджетине кошумча түшкөң акча
каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн кирешесине Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин тегерегиндеги теректерди кесүүдөн башка салыктык эмес кирешелерге келип түшкөн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин тегерегиндеги теректерди кесүүдөн келип түшкөң кошумча акча каражаты 455,9 миң сом айыл өкмөтүнүн төмөнкү бөлүмүнө:
-Мектептер бөлүмүнүн 2222 статьясына керектелүүчү материалдарды алууга төлөнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.чу
Төрага |
| К.Жорготаев. |