Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 2
Акназаров муниципалдык ишканасынын тарифтери жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы кезексиз 3-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Акназаров муниципалдык ишканасы ачылганга чейинки Урмарал–Суу ИСКАКБсынын, Оготур –Чоң СПАсынын, жайыт комитетинин жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн 2024-жылдын биринчи 6 айлыкка бекитилген тарифтери 2024-жылдын 31-декабрына чейин мурдагыдай өлчөмдө өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ичүүчү сууну пайдалануучуларга ар бир түтүнгө 1200 сом Кызыл- Октябрь, Маданият, Таш-Кудук, Көк-Таш жана Урмарал айылдарынын жашоочулары үчүн, 1800 сом Ынтымак айылынын жашоочулары үчүн.
3. Сугат сууга 1 гектарга 500 сом, 1 огородго 100 сом Кызыл- Октябрь, Маданият, Таш-Кудук, Көк-Таш жана Урмарал айылдарынын жашоочулары үчүн. Үлүш жерлердин ар бир сугатына 250 сомдон,1 жылга 100 сом ар бир огородго Ынтымак, Түйтө айылдарынын сугат суусуна.
4. Катуу таштандыларды чыгарып кетүү бир түтүнгө, бир жылга 50 сомдон Ынтымак, Түйтө айылдарына, Кызыл-Октябрь, Маданият, Таш-Кудук, Көк-Таш жана Урмарал айылдарына 120 сомдон .
5. Катерпиллер погрузчиктин Акназаров айыл аймагынын жашоочуларына бир саатына жасаган кызматы үчүн 2000 сом 20 литр соляркасы менен.
6. Жүк ташуучу машиналарга Акназаров айыл аймагынын жашоочуларына бир рейске 1500 сомдон, 10 литр соляркасы менен.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
8. Бул токтом 2024-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.
9. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев. |