Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №63
Покровка толук эмес орто мектеби жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнө караштуу Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндө жайгашкан Покровка толук эмес орто мектебин ремонттоо жана курулуш иштерин жасоо үчүн дем берүүчү грантка проект жазып, өздүк салым керектиги жөнүндө өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл өкмөтүнө караштуу Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндө жайгашкан Покровка толук эмес орто мектебин ремонттоо жана курулуш иштерин жасоо үчүн өздүк салым катары 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 875 448 сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |