Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №64
Бала-Саруу айылындагы Тарыхчы көчөсү жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнө караштуу Бала-Саруу айылынын Тарыхчы көчөсүнө асфальт төөшөө үчүн дем берүүчү грантка проект жазып, өздүк салым керектиги жөнүндө өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл өкмөтүнө караштуу Бала-Саруу айылынын Тарыхчы көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым катары 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 988 837 сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |