Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №65
Покровка орто мектебинин филиалы жөнүндө
Семетей айыл аймагына караштуу Покровка айылынын Кызыл Туу көчөсүндө жайгашкан Покровка орто мектебинин филиалына капиталдык ремонт жасоо үчүн дем берүүчү грантка проект жазып, өздүк салым керектиги жөнүндө өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Покровка айылынын Кызыл Туу көчөсүндө жайгашкан Покровка орто мектебинин филиалына капиталдык ремонт жасоо үчүн өздүк салым катары 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 999 200 сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |