Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №66
Муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө
Арал айылынын тургундарынын кайрылуусу каралып, Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Семетей айыл аймагы боюнча “Сел жүрүү коркунучу бар” жерлердин катарына кирген кичи Кайынды өзөнүнү аркылуу чогулган сууларды топтоочу жайды 98000 кв.м жер аянтын карап көрүп,айылдык кенеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы кичи Кайынды өзөнүнөн түшкөн суу топтоочу жайды 98000 кв.м жер аянты менен Семетей айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алынсын.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып, аймактын жарандарынын коопсуздук жагын камсыз кылуу каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |