Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз_____-сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №31
Жергиликтүү салыктар жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынан 2024-жылдын 6-сентябрындагы №01-3/362 сандуу катынын негизинде Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеӊеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге Салык Кодексинин 398-беренесинин 3,4–пунктуна жана 404–беренесинин 4–пунктуна ылайык, Кыргызстан айыл аймагы боюнча мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти (Кз) өзгөртүүсүз калтырылсын:
2. Токтомдун аткарылышын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Белековага токтомдун негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Оморов |