Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясынын
2024-жылдын 26-ноябры № 1
Семетей айылдык кеңешинин төрагасын жана орун
басарын шайлоо жөнүндө
Семетей айылдык кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Семетей айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №1-протоколу бекитилсин.
2. Семетей айылдык кеңешинин төрагасы болуп Т.У.Джапаркулов шайлангандыгы таанылсын.
3. Семетей айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп У.Т.Джаназакова шайлангандыгы таанылсын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Манас аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |
2024-жылдын 26-ноябрь |
| Покровка айылы |
Талас облусунун Манас районундагы Семетей айылдык кеңешинин депутаттарына мандат тапшыруу, төрагасын жана орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
ПРОТОКОЛ №1
Төрагалык кылуучу-Р.Ажакматова
Сессиянын катчысы-А.Сарыбаева
Катышкандар:
Манас райондук администрация башчысы-аким Д.Жээнбеков,
Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы-К.Рыскулов,
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы жана мүчөөлөрү
Семетей айылдык кеңешинин депутаттары -21 (колу менен тиркелет)
Угулду:
А.Тойчубекова-Манас аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы.
2024-жылдын 17-ноябрында дайындалган Талас облусунун Манас районунун Семетей айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоосунун жыйынтыктарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 51,52,62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын _______токтомуна ылайык, Манас аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде Семетей айылдык кеңештеринин шайланга депутаттарын каттоого алып, куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, мандаттары тапшырылды.
Сөз сүйлөдү:
Манас райондук администрация башчысы-аким Д.Жээнбеков.
Куттуктоо сөз сүйлөп, баарына ийгилик каалады.
Сөз сүйлөдү:
Төрагалык кылуучу жашы улуу депутат-Р.Ажакматова.
Семетей айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.
Семетей айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна М.Молдобаев жана Т.Джапаркулов өзүнүн талапкерлигин коюшту.
Эсептөө комиссиясы, добуш берүүнүн жыйынтыгында -Т.Джапаркулов-12 добуш,М.Молдобаев-9 добуш.
Ал эми төраганын орун басарына Р.Ажакматова менен У.Джаназакова ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында, Р.Ажакматова-10 добуш, У.Джаназакова-11 добуш.Бүгүнкү чогулуштун жыйынтыгында төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Манас районундагы Семетей айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна - Т.Джапаркулов таанылды.
2. Семетей айылдык кеңешинин орун басары-У.Джаназакова деп таанылды.
Токтом чыгарылып тийиштүү жактарга берилсин.
Төрагалык кылуучу |
| Р.Ажакматова |
|
|
|
Сессиянын катчысы |
| А.Сарыбаева |