Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айылдык кеңешинин биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1
Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/2-протоколу бекитилсин.
2. Акматов Батырбек Сейдалиевич Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Бейшебаев Э. |
Күмүштак айылдык кенешинин төрагасын кайрадан шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/2-протоколу
29.11.2024-жыл |
| Боо-Терек айылы |
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
| Сопубеков Шакир Суеркулович |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы: |
| Ашымова Нурила Жамбыловна |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: |
| Раманкулова Алтынай Асылбековна |
Күн тартиби:
1. Күмүштак айылдык кенешинин төрагасын кайрадан шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Сопубеков Шакир Суеркулович, күн тартиби,Күмүштак айылдык кенешинин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Күмүштак айылдык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1. Акматов Батырбек Сейдалиевич;
2. Джуманазаров Кубат Назанович.
Күмүштак айылдык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны: 21 (жыйырма бир).
2. Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны: 21 (жыйырма бир).
3. Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны: 21 (жыйырма бир).
4. Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны: 0 (ноль).
6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
8. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны: 0 (ноль).
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны:
1. Акматов Батырбек Сейдалиевич – 11 (он бир);
2. Джуманазаров Кубат Назанович – 4 (төрт);
3. Баарына каршы – 6 (алты).
Күмүштак айылдык кенешин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
Чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алгандыктан Акматов Батырбек Сейдалиевич Күмүштак айылдык кенештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Күмүштак айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
| Сопубеков Шакир Суеркулович |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы: |
| Ашымова Нурила Жамбыловна |