Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айылдык кеңешинин биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 2
Күмүштак айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча №4-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №4-протоколу бекитилсин.
2. Жандаралиев Асан Мырзабекович Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б.Акматов |
Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №4-протоколу
29.11.2024-жыл |
| Боо-Терек айылы |
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
| Сопубеков Шакир Суеркулович |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы: |
| Ашымова Нурила Жамбыловна |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: |
| Раманкулова Алтынай Асылбековна |
Күн тартиби:
1. Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Сопубеков Шакир Суеркулович, күн тартиби, Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Күмүштак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1. Жандаралиев Асан Мырзабекович;
2. Токтогул уулу Илбирсбек.
Күмүштак айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны: 21 (жыйырма бир).
2. Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны: 21 (жыйырма бир).
3. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны: 21 (жыйырма бир).
4. Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны: 0 (ноль).
6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны: 21 (жыйырма бир).
8. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны: 0 (ноль).
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны:
1. Жандаралиев Асан Мырзабекович – 16 (он алты)
2. Токтогул уулу Илбирсбек - 4 (төрт)
3. Баарына каршы – 1 (бир).
Күмүштак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алгандыктан Жандаралиев Асан Мырзабекович Күмүштак айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Күмүштак айылдык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
| Сопубеков Шакир Суеркулович |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы: |
| Ашымова Нурила Жамбыловна |