Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IXчакырылыштагы
кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 6/3-9
Туруктуу комиссиялардынтөрагаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 9-главасынын 9.8.пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешининтуруктуу комиссияларынын көпчүлүк добушу менен шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына төмөндөгү шайланган депутаттар комиссиялардын төрагасы болуп бекитилсин:
Суйунтбеков Айбек Озубекович -“Бюджет жана муниципалдык менчик
башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Турсалиев Улукбек Кенжебекович-“Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Рыскулбекова Асыл Калмырзаевна-“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы ;
Изабеков Чынгыз Зоотбекович -“Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Акын уулу Мухтарбек -“Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөөДепутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |