Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-декабры № 809-т
Үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Базальт Эвотек" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районунун өнөр жай зонасынын аймагынан аянты 8 га жер участогун "Базальт Эвотек" жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүү маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык мaкyлдaшуугa принциптүү эмес мүнөздөгү өзгертүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |