Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын “25” 12 № 840-т тескемеси менен жактырылды |
2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай
Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай
достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
Келишим менен Ош облусунун Алай районундагы Ош - Сары-Таш -Эркештам автожолунда жайгашкан Эркештам чек ара пунктунда узундугу 187 метр болгон көпүрө куруу каралган. Кепүрөнү кытай тарап курат, курулуш аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, ошондой эле теңдик принциптеринин жана макулдашылган консультациялардын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү тармактык комитеттери менен макулдашылган:
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2024-жылдын 16-сентябрындагы № 6-8860/24 чечими);
- Транспорт, коммуникациялар. архитектура жана курулуш боюнча комитети (2024-жылдын 17-сентябрындагы № 6-8863/24 чечими);
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2024-жылдын 18-сентябрындагы № 6-8886/24 чечими).
Кол коюлганга чейин Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 574-т тескемеси менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.