Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 745
Кыргыз Республикасьнын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана
муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу
үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык
болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду
чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун
жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу”
токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен байланышкан сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
- 57-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 101-пунктча менен толукталсын:
"101) социалдык объекттерди, жолдорду жана гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, абаттоо, жашылдандыруу, сырткы жана жарыктандыруу менен жасалгалоо, транспорт жана жол-транспортук инфраструктура менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди оперативдүү (мөөнөттүү) чечүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен сатып алуу;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасыныy Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |