Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 9/7
Айыл аймагындагы мектептердин спортзалдарын ижарага берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы бардык мектептердин спортзалдарын сабактан тышкаркы мезгилдерде ижарага берүү тууралуу айылдык кеңештин депутаты Г.Мамытованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы бардык мектептердин спортзалдарын сабактан тышкаркы мезгилдерде сырттан келген оюнчуларга ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
- Жошолу аймагындагы мектептердин спортзалдары үчүн:
- Жергиликтүү калкка - саатына 200 сомдон,
- Сырттан келип ойногондорго – саатына 300 сомдон.
Корул аймагындагы мектептердин спортзалдары үчүн:
-Жергиликтүү калкка - саатына 100 сомдон,
-Сырттан келип ойногондорго - саатына 200 сомдон.
2.Спортзалды ижарага бергендерден келген акча каражатын көзөмөлдөп, ал акчаны мектептин өздүк эсебине которуп, аны туура багытка, максаттуу иштетүү мектептердин директорлоруна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Танаев |