Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 760
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Эскирген пестицид калдыктарын талаптагыдай башкарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөөнүн тартибинде:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-параграф менен толукталсын:
"§ 5. Эскирген пестициддер менен иштөө
46-1. Эскирген, жараксыз болуп калган, өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон пестициддер чогултулууга, аралашууга жана өзүнөн-өзү реакцияга кирүүгө жол бербеген жылчыксыз атайын идишке, сыйымдуулукка же таңгакка салынууга тийиш. Таңгак тыгыз болушу керек жана чачылууга же агып кетүүгө жол бербеши керек, ошондой эле көрсөтүлгөн пестициддер менен аларды сактоодо, ташууда айлана-чөйрөнү булгоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек. Ошол эле учурда тыгыз полиэтилен же кагаз баштыктар, таза кургак металл же пластмасса бочкалар колдонулат.
46-2. Эскирген пестициддерди чогултуу жана сактоо атайын жабдылган убактылуу сактоо жана топтоо кампаларында жүргүзүлүшү керек. Эскирген пестициддер коопсуздук техникасынын эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо менен жыгач поддондордо сакталууга тийиш.
Сактоо жайы өзүнчө жайгашууга, обочолонууга тийиш жана башка өндүрүштүк жайлардан коопсуз аралыкта болушу керек, жакшы желдетилип жана турак жай курулушунан, калктуу конуштардан аралыкта жогорку нымдуулукту болтурбоочу температуралык режим сакталышы керек. Пестициддерди сактоочу кампалар үчүн санитардык коргоо зонасынын аралыгы кампадагы эскирген пестициддердин көлөмүнө жараша болот: 50 тоннага чейин - 300 м, 50 тоннадан жогору - 500-1000 м.
Калктын жашоо шарттарына жагымсыз таасирин болтурбоо максатында эскирген пестициддерди сактоочу кампаларда жана санитардык-коргоо зоналарынын чегинде атмосфералык абанын абалына контролду жүзөгө ашыруу зарыл.
Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган пестициддерди сактоо алардын сакталышын камсыз кылуучу, коромжуга учурашын жана айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоочу так маркалоо менен бүтүн идиште гана жүзөгө ашырылат.
Контейнердеги бүтүндүгү бузулган белгилер идиштеги пестициддер бүтүн идишке салынат.
Жуулбай турган боек менен идиште анда камтылган тыюу салынган жана жараксыз пестициддердин аталышы көрсөтүлөт.
Эскирген пестициддерди пайда болгондо жана кампага өткөрүп берүүдө аларды эсепке алуу жүргүзүлөт. Этиятсыз колдонуунун натыйжасында идиштин механикалык түрдө бузулушу жана/же пестициддердин төгүлүшү өзгөчө кырдаал болуп саналат. Пестициддердин калдыктары менен контакт болгон бардык кызматкерлер авариялык кырдаалдарда биринчи өзүн-өзү жана өз ара жардам көрсөтүү эрежелерине үйрөтүлүшү керек
46-3. Эксплуатациялануучу же жабык кампа жайларынын иштөөсүнүн гигиеналык коопсуздугунун критерийлери болуп жумушчу зонанын абасында, атмосфералык абада, ачык көлмөлөрдөгү сууда жана кыртышта химиялык заттардын жол берилген эң жогорку концентрациясы, ошондой эле физикалык факторлордун жол берилген эң жогорку деңгээли саналат.
Пестициддер төгүлгөн учурда аларды нейтралдаштыруу үчүн кампа жайлары сакталган пестициддердин идиштеринин этикеткаларында көрсөтүлгөн дезактивациялоочу каражаттардын зарыл болгон саны менен камсыз кылынат.
Авариялык же өзгөчө кырдаал учурда жергиликтүү өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү байланыш адамдардын тизмеси болушу керек, анда уулар жөнүндө маалыматка ээ болгон тиешелүү медициналык мекемелер камтылышы керек.
46-4. Эскирген пестициддерди жүктөө/түшүрүү күндүз гана (табигый жарыкта) жүргүзүлүүгө тийиш.
Жараксыз пестициддерди жүктөө, ташуу жана түшүрүү менен байланышкан бардык иштер механикалаштырылууга тийиш.
Жумуштарды кол менен аткарууда жүктөөчүлөр жеке коопсуздук чараларын жана жүктөрдү төгүлүүдөн, чачылуудан, таңгактын бузулушунан алдын алуу чараларын сактоого милдеттүү.
Өзгөчө кооптуу эскирген пестициддер бар идишти жээктегенге, ыргытууга, сүйрөөгө, ага башка жүктөрдү коюуга тыюу салынат.
Эскирген пестициддерди жүктөө жүктү жөнөтүүчүнүн жооптуу кызмат адамынын, ал эми түшүрүү - жүктү алуучунун кызмат адамынын милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт. Эки учурда тең жүктү коштоп жүргөн жооптуу кызмат адамы катышууга милдеттүү.
46-5. Эскирген пестициддерди ташуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги, № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык өзгөчө кырдаалдарды түзүү, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Пестициддерди ташуу атайын жабдылган жана тиешелүү маркалоосу бар транспорт каражаттарында, анын ичинде кооптуулугу жөнүндө маалымат системасынын авариялык карточкаларынын болушу менен ишке ашырылат.
Жумуш аяктагандан кийин транспорт каражаттары нымдуу тазаланат жана жуучу эритме менен зыянсыздандырылат.
46-6. Эскирген пестициддер менен иштөөдө бардык жумуштар атайын кийим жана жеке коргонуу каражаттары менен жүргүзүлөт.
Ар бир жумушчуга бардык иштеген мезгилде жекече коргоочу каражаттардын комплекти бекитип берилет: атайын кийим, атайын бут кийим, респиратор, противогаз, коргоочу көз айнек, мээлей же кол кап. Противогаздарга жана респираторлорго алмаштырылуучу коробкалар жана патрондор берилет.
Бул иштер үчүн 18 жашка толо элек, ошондой эле алдын ала инструктаждан өтпөгөн адамдарды тартууга тыюу салынат.
Эскирген пестициддер менен контакт болгон кызматкерлер ишке кирүүдө жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тартипте медициналык кароодон өтүүгө тийиш.
Эскирген пестициддер менен иштерди жүргүзгөн жерлерде кызматкерлер эскирген пестициддер менен ууланган учурда биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн каражаттардын топтому бар медициналык аптечка, ошондой эле эскирген пестициддер менен контакт болгон кызматкерлерге жардам көрсөтүү ыкмалары боюнча нускама (эскертме) болушу керек.
Эскирген пестициддердин кампасы жергиликтүү өрттөрдү өчүрүү үчүн зарыл болгон алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар (өрт өчүргүчтөр, суу бар бочка, кум бар ящиктер) менен камсыз болушу керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддерди утилдештирүү жана булганган жерлерди рекультивациялоо үчүн эл аралык донорлордун каражаттарын тартуу боюнча ишти күчөтсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |