Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясы
2024-жылдын 21-майындагы № 1
ЧЧек-Абад айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы VI- чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясынын № 9- сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңешинин төрагасы И.А.Тавалдиев Араван райондук пракуратурасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 11-265-24 сандуу каршылык билдирүүсүн (Протест) окуп берип,күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңешинин депутаттарына сөз берди.
Кун тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаты Таштанов Бегали Осмоналиевич сөзгө чыгып жер участокко,менчикке,жана ижарага укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлүшү керек болчу,аталган токтом конкурс жана аукционсуз юридикалык жакка мыйзамсыз берилгендигин айтып өттү.
Мындан тышкары айылдык Кеңешинин депутаттарынан Раупов Иззатилло,Караева Шарипа,Алимова Гулмира жана Исаева Гулирайхон,Толкунжон Тургуновтор жогорудагы айтылган сөздөрдү макулдашты.
Араван райондук пракуратурасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 11-265-24 сандуу каршылык билдирүүсүн жана айылдык Кеңешинин депутаттардын сөздөрүн угуп отурум
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван райондук пракуратурасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 11-265-24 сандуу каршылык билдирүүсүн негизинде Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы VI- чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясынын № 9- сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Д.Давидовко милдеттендирилсин,ал эми көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.И.Колдошовко жүктөтүлсүн.
Төрага: | И. Тавалдиев |