Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 370
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү жөнүндө
Калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган, төмөнкү баласын 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку "Бала Береке" төлөмү белгиленсин:
1) 4-баласын - 100000 (жүз миң) сом;
2) 5-баласын - 600000 (алты жүз миң) сом;
3) 6-баласын - 800000 (сегиз жүз миң) сом;
4) 7-баласын - 1000000 (бир миллион) сом;
5) 8-баласын - 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
6) 9-баласын - 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
7) 10унчу жана андан кийинки баласын - 2000000 (эки миллион) сом.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү бала бир жашка чыкканда төлөнөт деп;
2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмүн дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт деп.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмүн берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктасын;
3) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмүн каржылоо булактарын аныктасын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |