Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-майындагы № 11/2
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылына 20 орундуу конок үйүн куруу жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылына 20 орундуу конок үйүн куруу боюнча 2024-жылдын 20-майындагы №7 элдик жыйындын протоколун карап чыгып Памир-Алай айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын 4-кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылына сметалык баасы 16 376 924 (он алты миллион үч жүз жетимиш алты миң тогуз жүз жыйырма төрт) сомдук 20 орундуу конок үйүн куруу үчүн Ош областтык өнүктүрүү фондунан 12 000 000 (он эки миллион)сом суралсын жана калган 4 376 924 (төрт миллион үч жүз жетимиш алты миң тогуз жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы Б.Үсөн уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |