ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4-отуруму
2024-жылдын 26-июну № 12
Жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-таш айылынын Машалы участкасынан 1000га жайыт жерден айыл чарба багытына которуу боюнча Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Ч.А.Бапаевдин 2024-жылдын19-июнунда Памир-Алай айыл аймагындагы калктуу конуштарынын эли менен болгон жолугушуусундагы №02 протоколунун негизинде Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынын Машалы участкасынан 1000га жайыт жерден айыл чарба багытына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана тийиштүү документтерди даярдоону айыл өкмөт башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |