Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июну № 12/1
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылындагы ФАПтын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңыдан капиталдык оңдоодон өткөрүүнү сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылындагы ФАПтын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңыдан капиталдык оңдоодон өткөрүүнү сунуш кылынган долбоорду карап чыгып Памир-Алай айылдык Кенешинин VII- чакырылышынын 4-кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылындагы ФАПтын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңыдан капиталдык оңдоодон өткөрүүнү сунуш кылынган долбоорду карап чыгып АРИС тарабынан ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 9137657 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн 39 пайыздык өздүк салымы 3528157 сом акча каражаты Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы Б.Үсөн уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |