Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 02-августу №13
Даарылануу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Кудайберди уулу Абдыганынын Туркия мамлекетине барып дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын сурап жазган арызы боюнча медициналык корутундуларын карап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын тургуну Кудайберди уулу Абдыганынын дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |