Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 02-августу №13/1
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Сары-Могол, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Таш жана Нура айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнү негизинде Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевдин берген маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында Сары-Могол, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Таш жана Нура айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык жана Памир-Алай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Айтмаматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана Транспорт, коммуникация, курулуш, жерге жайгаштыруу, электр тармагы, айыл чарба, жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |