Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 02-августу №13/2
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин, Типтүү жобосун жана Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин, Типтүү жобосун талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставына ылайык, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилсин.
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Типтүү жобосу бекитилсин.
3. Памир-Алай айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Айтмаматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссияга жана Памир-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жээнбай уулуна жүктөлсүн.
Төрага: | Койчуман уулу Н. |